Бакыт Төрөбаев социалдык тармактарга тараган аудио боюнча үн катты
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев социалдык тармактарга тараган аудио тууралуу 24-февралда “Азаттыкка” түшүндүрмө берди.
Ал аудиодогу сүйлөшкөндөр өзү менен бир тууган агасы Жолдошалинин уулу Эркин Төрөбаев экенин ырастады.
Төрөбаевдин айтымында, ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кайрылып, Манас шаарындагы “Барселона” академиясынын жанында инисинин жер...