Бишкекте гезит дизайнери Фейсбуктагы пикири үчүн алты жылга соттолду
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 13-февралда 41 жаштагы Эрнис Жээнтаевди алты жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарды. Бул тууралуу аны адвокаты Нурбек Сыдыков билдирди.
Милиция кызматкерлери Жээнтаевди 2025-жылдын 10-ноябрында кармаган. Буга анын Фейсбуктагы жеке баракчасына жазган посттору негиз болгон. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете...