Эпштейн иши боюнча Британиянын мурдагы элчиси кармалды
Дүйшөмбү күнү Лондондо Британиянын АКШдагы экс-элчиси, лорддор Палатасынын мурдагы мүчөсү, Лейбористтер партиясынын көрүнүктүү ишмери Питер Мандельсон кармалды. Бул тууралуу 23-февралда полиция кармалган адамдын тек-жайын ачыктабай туруп маалымдады.
72 жаштагы Мандельсон расмий түрдө кызматын тийиштүү деңгээлде аткарбоого шек саналууда. Бул иш анын америкалык финансист, маркум Жеффри Эпштейн менен байланышы боюнча, аны АКШнын тергөөчүлөрү адам сатууга жана кыз-келиндерди, анын ичинде жашы жете электерди...