Женевада Кыргызстандын БУУ менен кызматташтыгы талкууланды
23-февраль күнү Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Жолугушуу Куралсыздануу боюнча конференциянын жогорку деңгээлдеги сегментине катышуу алкагында өткөнүн, анда кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу сөз болгонун мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
"Ошондой эле тараптар БУУнун тынчтыкты бекемдөөдөгү жана глобалдык чакырыктарга жооп берүүдөгү негизги ролун кубаттап, мындан ары конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экенин билдиришти.