УКМК Таласта ломбард мыйзамсыз алынган мүлктү ээлерине кайтарганын билдирди
Талас шаарындагы "Орозалы" күрөөканасы жарандардан мурда мыйзамсыз тартып алынган мүлктү ээлерине ыктыярдуу түрдө кайтарып берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 24-февралда маалымдады.
Мекеме Мамлекеттик салык кызматынын, Улуттук банктын жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облусундагы башкармалыктары менен чогуу текшерүү жүргүзгөнү, "Орозалы" күрөөканасы мүлктү кайтарып, коюлган дооматтардын негиздүүлүгүн жана мыйзамдуу талаптар бузулганын мойнуна алганы белгиленди.