Райимберди Дүйшөнбиевге жана Жайлообай Нышановго мандат тапшырылды
Борбордук шайлоо комиссиясы 24-февралдагы жыйынында №14 шайлоо округунан талапкер Райимберди Дүйшөнбиевге жана №15 округдан Жайлообай Нышановго мандат тапшырды.
Кундузбек Кошалиевдин ордуна мандат алган 51 жаштагы Дүйшөнбиев Ноокен районунун Бүргөндү айылында туулган. Казакстандын Алматы жогорку чек ара командалык окуу жайын (1995-ж.), Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара академиясын (2007-ж.) аяктаган.
2011-жылы Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысынын орун басары, 2013-жылдан тартып ошол эле кызматтын башчысы болуп иштеген.