Зомбулукка кабылган Асел Ногойбаеванын кулагына кезектеги операция жасалды
Мурдагы күйөөсүнөн кордук көрүп, кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаеванын кулагына операция жасалды. Бул тууралуу ал Инстаграмдагы өзүнүн баракчасы аркылуу өткөн апта соңунда кабарлады.
Асел Ногойбаева операция Москвада жасалганын "Азаттыкка" билдирди. Анын сөзүнө караганда, кулагына буга чейин ондон ашык операция жасалган.
Мурдараак кыргызстандык дарыгерлер Ногойбаевага бир нече этап менен операция жасалышы керектигин билдиришкен.
2023-жылы 20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун...