Президент Жапаров Москвадагы сүйлөшүүлөргө Алексей Ширшовдун катышканына комментарий берди
Президент Садыр Жапаров 23-февралда “Кабар” маалымат агенттигине кезектеги маегинде орусиялык ишкер Алексей Ширшовго байланышкан суроолорго жооп берди.
Президент Орусияда “Русгидро” ишканасынын өкүлдөрү менен жолугушууда кыргыз өкмөтүнүн делегациясынын катарында Ширшовдун жүргөнүн мындай түшүндүрдү:
"Жогорку Нарын ГЭСтери боюнча биз “жебеген самсага” 37 миллион доллар, пайызы менен бүгүнкү күндө 51 миллион доллардан ашык акча каражат “Русгидрого” карыз болуп калдык. Бул карыздын пайызы күндөн-күнгө тууп жатат.