ИИМ телефон аркылуу чет өлкөдө туруп алдамчылык кылгандарды аныктоо кыйын болуп жатканын билдирди
Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов Ички иштер министрлигинин маалыматына таянуу менен былтыр интернет алдамчылыгы боюнча 674 кылмыш иши козголуп, анын 387синин бети ачылбай калганына көңүл бурду. Маселе парламенттеги Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин 23-февралдагы отурумунда көтөрүлдү.
Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев соңку жылдары интернет жана банк иштери боюнча шылуундуктун жаңы түрлөрү улам чыгып жатканын белгилеп, мекемеде бул боюнча атайын бөлүм ачылганын маалымдады.