Львовдогу жардырууда полиция кызматкери мерт болуп, 14 киши жараат алганы кабарланды
Львов шаарынын мэри Андрей Садовой жекшембиге караган түнү шаарда теракт болгонун билдирди. Мунун алдында полиция шаарда жардыруу болгонун, окуя болгон жерге барган полиция кызматкерлери жабыркаганын маалымдаган.
Садовойдун ырасташынча, 23 жаштагы айым полиция кызматкери мерт болуп, кеминде дагы 14 киши жараат алып ооруканага жеткирилди.
Львов облустук прокуратурасы жардыруунун айрым жагдайы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, жергиликтүү убакыт менен 00:30да полицияга шаардын борбордук көчөлөрүнүн...