Чүйдө жана Бишкекте катуу шамалдан бак кулап, үйлөрдүн чатыры учту
21-февралда Бишкек шаарында жана Чүй облусундагы катуу шамалдан турак үйлөргө жана инфратүзүмгө бир катар зыян келтирилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат бергендей, Бишкектин Москва көчөсүндө көп кабаттуу үйдүн чатыры учуп, жакын жайгашкан үйдүн чатырына кулап түшкөн. Ал эми Бакаев жана Интергельпо көчөлөрүндө шамал үйлөрдүн чатырларын учуруп, бак кулаган.
“Ленин районунун Москва көчөсүндөгү чатырды коопсуздандырууга КР ӨКМдин Куткаруу кызматынан беш куткаруучу жана Панфилов районунун Октябрь...