Манас шаарынын башчылыгына Абдупата Маткаликов дайындалды
Манас шаарынын жаңы мэри болуп 62 жаштагы Абдупата Маткаликов дайындалды. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгонун 20-февралда президенттин администрациясы маалымдады.
Ушул эле күнү Жалал-Абад облусунун баш калаасынын буга чейинки мэри Эрнисбек Ормоков кызматынан бошотулган.
44 жаштагы Ормоков 2020-жылдын декабрь айынан бери бул кызматты ээлеп келе жаткан. Президент кол койгон жарлыкта Ормоковдун эмне себептен жумуштан алынганы көрсөтүлгөн эмес. Анын кызматтан кетиши соңку күндөрү өкмөт...