"Бакиевдин Испаниядагы мүлкүн кайтарууга жардам берүүдө". Ширшов Кыргызстандын атынан сүйлөшүүгө эмнеге катышты?
Москвада Кыргызстандагы "Жогорку Нарын ГЭС каскадын" куруу долбооруна байланыштуу жолугушуу өттү. Орусиянын Энергетика министрлигиндеги сүйлөшүүгө кыргыз өкмөт башчысынын орун басары Данияр Амангелдиев баштаган делегация катышты. Алардын арасында Кыргызстандан энергетика тармагындагы ири коррупциялык схемаларда аты аталып келген Алексей Ширшов дагы болгону ачыкка чыгып, мындай жагдай талаш-талкууларга жем таштады.
Москвада "Жогорку Нарын ГЭС каскадына" байланыштуу жолугушуу өткөнү тууралуу кыргыз өкмөтү дагы...