УКМК Бишкекте өзүн милиционер катары тааныштырган шылуун кармалганын маалымдады
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте өзүн милиция кызматкеримин деп алдаган Ч.Р.Ж. аттуу жаран Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жетекчилиги менен байланышы бардыгын айтып, Ж.А.Ж. аттуу адамдын 500 доллар акчасын алганы аныкталганын билдирди.
"Ч.Р.Ж. аттуу жаран Ж.А.Ж.ны коркутуп, Свердлов райондук милициясынын тергөөчүлөрү жакын арада аны камоону көздөп жатканын билдирген. Ошол эле учурда ал тергөөнүн позициясына таасир эте ала турганын жана маселени жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып...