Трамп белгисиз учуучу объекттер тууралуу документтерди жарыялоону тапшырды
Американын президенти Дональд Трамп Пентагондун башчысы Пит Хегсетке белгисиз учуучу объекттер (НЛО) жана жерден тышкаркы жашоо тууралуу өкмөттүк документтерди жарыялоо тапшырмасын берди. Бул тууралуу Трамп Truth платформасына жазды.
“Коргоо министрине жана тиешелүү департаменттер менен агенттиктерге жерден тышкаркы жашоо, аныкталбаган аба кубулуштары жана белгисиз учуучу объекттер боюнча өкмөттүк документтерди аныктоо жана жарыялоо процессин баштоону тапшырам. Бул өтө татаал, бирок абдан кызыктуу...