Кыргызстан чет элдик жумушчулар квотасын дагы 10 миң орунга көбөйттү
Министрлер кабинети 2026-жылы Кыргызстанга сырттан келип иштөөчү эмгек мигранттары үчүн 52 миң жумуш орун бөлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Арлен Алиясов журналисттерге билдирди.
Анын сөзүнө караганда, былтыр чет өлкөлүк жумушчуларга 25 миң орун бөлүнгөн, бирок кийинчерээк 42 миңге чыгарылган. Быйыл 52 миң квота зарылчылык болсо дагы көбөйүшү мүмкүн.
Алиясов чет өлкөлүк эмгек мигранттары негизинен курулуш...