Укук коргоочу Рита Карасартова Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын сотко берди
Укук коргоочу, жарандык активист Рита Карасартова Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) жана анын №21 мекемесинин (СИЗО-1) жетекчилигин сотко берди. Бул тууралуу укук коргоочу 20-февралда "Азаттыкка" билдирди.
Карасартова сотко кайрылуусуна тергөө абагында кармалып турган жарандар жакындары менен бир жумада бир ирет 15 мүнөттүк телефон аркылуу сүйлөшүү укугуна ээ боло албай келе жатышканы себеп болгонун айтууда:
"2006-жылы 30-августта өкмөт кабыл алган №631 токтомго ылайык, тергөө абагында...