Амангелдиев Алексей Ширшов катышкан жолугушуу боюнча комментарий берди
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Москвада “Жогорку Нарын ГЭС каскады” боюнча Кыргызстан менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсүнө Алексей Ширшов катышканын “Азаттыкка” ырастады.
Орусиянын Энергетика министрлиги Кыргызстан менен Орусия жумушчу жолугушуу өткөрүп, ага орус министри Сергей Цивилев жана кыргыз тараптан Данияр Амангелдиев, Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев катышканын жазып, жолугушууда тартылган сүрөттөрдү жарыялаган. Кыргыз...