Ошто "Келечек" базарынын соодагерлери мэрден маселесин чечип берүүнү талап кылышты
"Келечек" базарынын соодагерлери 20-февралда Ош шаардык мэриясына келип, базарды которуу маселесин чечүүнү талап кылышты. Айрымдары базарды мурдагы ордунда калтырууну суранышты.
Жаңы дайындалган мэр Жанарбек Акаев соодагерлерге дүйшөмбү күнү базардан жолугушууну убада кылды.
"Сиздер менен дүйшөмбү күнү жаңы базарга барып, ошол жактан жолугалы. Сиздер айтып жаткан сапатын көрөйүн. Бүгүн-эртең кыдырып, таанышып чыгайын. Мен бир күн да иштей элекмин. Бир нерсе айтып коеюн, бирок, баары мыйзам чегинде болушу керек".