УКМКнын коррупцияга каршы күрөшкөн 6-башкармалыгынын жетекчиси камакка алынды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков 19-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтому менен 15-апрелге чейин камакка алынды.
Аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Аскер прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын башчысы берген. Райондук соттун маалыматында, шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кине тагылды.
Тилек Абдыкалыков тууралуу ачык булактарда кенен маалымат жок. УКМКнын...