Old Bishkek: талкуу жараткан имараттын курулушу токтотулду
Бишкектин Чүй проспектисиндеги Old Bishkek долбоорунун алкагында салынып жаткан имараттын курулушу убактылуу токтотулду.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев имарат баштапкы проектте көрсөтүлгөндөй курулбай өзгөртүлүп кеткенин айтып, талаптагыдай салынбаса буздуруларын айтты.
“Эгер долбоордо каралгандай болбосо биз бул имаратты да бузабыз. Биз чечим кабыл алып, жоопкерчиликти алганга да даярбыз”, - деди ал.
Долбоордо имарат бир кабат жана толкун сымал болуп салынмак. Ушул тапта эки кабат болуп курулууда.