Бишкекте мугалим менен окуучунун мушташын милиция иликтеп жатат
Бишкекте орто мектептердин биринде 69 жаштагы мугалим менен 16 жаштагы окуучунун кол көтөрүүгө чейин жеткен чатагын милиция иликтөөгө алды. Бул тууралуу Биринчи май ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 16-февраль күнү саат 11:30 чамасында милициянын 102 номуруна шаардагы мектептердин биринде мугалим менен окуучу чатакташып, кол көтөрүүгө чейин жеткени тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт милициянын журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.