Ак үй "Тынчтык кеңешинин" жыйынына 20дан ашык өлкөнүн лидерлери катышарын билдирди
АКШ президенти Дональд Трамп бейшемби күнү Вашингтондо «Тынчтык кеңешинин» жыйынын өткөрөт. Анда мүчө мамлекеттер Газа тилкесин калыбына келтирүү жана гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн беш миллиард доллардан ашык каражат бөлүүгө милдеттенме алганы жарыяланат.
Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт журналисттерге билдирди. Анын айтымында, жыйынга 20дан ашык өлкөнүн лидерлери катышат.
Ошондой эле кеңешке мүчө мамлекеттер Газада эл аралык турукташтыруу күчтөрүн түзүү үчүн миңдеген кызматкерди жөнөтүүнү да макулдашкан.