Кытай Казакстандагы үч электр станциясынын курулушуна 2,2 млрд доллар салат
Жакынкы жылдары Кытай Казакстанда кайра жаралуучу энергия тармагында үч ири долбоорду ишке ашырат.
Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Сунгат Есимханов билдиргенин Ulysmedia басылмасы жазды. Анын айтуусунда, эки шамал электр станциясы жана бир күн электр станциясы курулат.
Есимханов долбоорлор Павлодар, Караганда жана Түркстан облусунда ишке ашырыларын кошумчалады.
«Негизги инвестор кытай тарап. Бирок Казакстан да долбоорлорго катышат. Ар биринде ата мекендик өнөктөштөрдүн үлүшү 25–30 пайызды түзөт», - деди министрдин орун басары.