Депутат Болот Ибрагимов вице-спикер болуп шайланды
Депутат Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Парламенттин 19-февралдагы отурумунда анын талапкерлигине жашыруун добуш берүүдө 53 депутат “макул” жана 16 депутат “каршы” добуш берди.
Мунун алдында Карим Ханжеза жеке жагдайларына байланыштуу өз каалоосу менен вице-спикерлик кызматтан кеткен.
36 жаштагы Болот Ибрагимов Бишкек шаарында туулуп-өскөн. Коомчулукка жол эрежесин бузгандардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин ашкерелеген блогер катары таанылган.