УКМКнын мурдагы кызматкери Бердибек Боронбаев камакка алынды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облусу боюнча башкармалыгын тергөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бердибек Боронбаев 15-апрелге чейин камакка алынды.
Мындай чечимди 19-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын “Азаттыкка” аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Аскер прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы берген. Бердибек Боронбаевге Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.
Башкы...