Камчыбек Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов эки айга камалды
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы, Камчыбек Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов эки айга камакка алынды. Мындай токтомду 19-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.
Шектүү сот залынан чыгып баратып коюлган айыпка макул эмес экенин, президенттик шайлоону быйыл өткөрүү тууралуу 75 адамдын кайрылуусуна тиешеси жоктугун кыска айтты.
Адвокаты Мунарбек Супатаев Нургазы Анаркуловго Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылганын билдирген.