Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасы болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров Жумгалбек Шабданбековду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы кылып дайындады. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңеш 18-февралда колдогон.
56 жаштагы Жумгалбек Шабданбеков Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында төрөлгөн. 1991-жылы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган. Эмгек жолун Талас облустук салык кызматында инспектор, улук инспектор болуп баштап, 1994-жылдан тартып коопсуздук органдарында ар кандай кызматтарда иштеген.