Министрлик ТикТок боюнча чечимди кайра карап чыгууну сунуштоодо
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев ТикТок социалдык тармагын өлкө аймагында бөгөттөө боюнча чечимди кайрадан карап чыгуу зарылчылыгын билдирди. Ал бул тууралуу аталган министрликтин жыйынында 19-февралда айтты.
Тагаев Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору жоюлганын жана министрликтин өзүндө маалыматтык платформалар жана соцтармактар менен иштеген орган жоктугун белгиледи.
"Кыргызстанда ТикТок бөгөттөлгөнүнө карабай биздин жаштар жана башка жарандар негизинен бул соцтармакты VPN аркылуу кирип...