БШК Нурланбек Тургунбек уулунун депутаттык мандатын алды
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 19-февралда өзү жазган арызынын негизинде Нурланбек Тургунбек уулунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, депутаттык мандатынан ажыратты.
Ал 19-февралда Фейсбуктагы расмий баракчасына пост жазып, ден соолугуна байланыштуу мандатып тапшырып жатканын жана быйыл президенттик шайлоону өткөрүү демилгесин көтөргөн 75 адамга байланышы жок экенин айткан.
Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин VII чакырылышына Аксы шайлоо округунан шайланып келип, 2022-жылы 5-декабрда...