Башкы прокуратура ишкерлерди мыйзамсыз текшергендер жазаланарын билдирди
Башкы прокуратура 2026-жылдын аягына чейин ишкерлерди пландан тышкары салыктык текшерүүлөргө тыюу салынганын билдирип, бизнеске кысым көрсөткөндөр жоопкерчиликке тартыларын эскертти.
Башкы көзөмөл органынын маалыматында мыйзамдуу иштеп жаткан ишкерлерге тоскоолдук кылгандар Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликтен аша чабуу” беренеси менен мүлкүн конфискациялоо жана белгилүү кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылып, беш жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. Андан тышкары Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Кызмат...