Ош шаарына Жанарбек Акаев мэр болуп дайындалды
Ош шаарына Жанарбек Акаев мэр болуп дайындалды. Бул тууралуу Ынтымак Ордодон билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-февралда Акаев Ош шаар бийлигинин жамаатына тааныштырылат.
Оштун мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев 18-февралда өз арызынын негизинде кызматтан алынган.
Жанарбек Акаев 39 жашта. Ал Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн. 2008-2015-жылдары "Азаттык" радиосунун Ош, Бишкек, Прага кеңселеринде журналист, Азаттык+ жаштар программасынын, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу болуп эмгектенген.