АКШдагы жарандык укуктар кыймылынын лидерлеринин бири Жесси Жексон көз жумду
АКШдагы жарандык укуктар кыймылынын лидерлеринин бири, Мартин Лютер Кингдин санаалашы Жесси Жексон 84 жашында көз жумду.
Маркум 1941-жылы Түштүк Каролина штатында туулган. Студент кезинде эле расалык сегрегацияга каршы чыгып, теңдик идеяларын жактап келген.
1971-жылы бизнес ээлерине кара терилүүлөрдү жумушка алууга шарт түзгөн программалар үчүн күрөшкөн укук коргоо уюмун түзгөн.
1984- 1988-жылдары президенттикке ат салышып, бир нече жерде демократтардын ички партиялык шайлоосунда жеңген. Өз программасында Жексон расалык азчылыктар...