2025-жылы "кайрылман" макамы 935 этникалык кыргызга берилди
Былтыр 935 этникалык кыргыз "кайрылман" макамын алды.
Анын ичинде Өзбекстандан келген 66 адам, Тажикстандан келген 837 адам, Кытайдан 12, Орусиядан 9, Ооганстандан 10 жана башка өлкөлөрдөн бир адамга берилген. Быйылкы январь айында "кайрылман" макамы 132 этникалык кыргызга берилди.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдагандай, "кайрылман" макамы тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга Кыргызстандын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте алууга мүмкүнчүлүк берет.