Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чек арачылары жолугушту
15-февралда Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чек арачыларынын жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун максаты - ишенимди чыңдоо, туруктуу кырдаалды бекемдөө жана мамлекеттик чек ара режимин колдоо болгонун Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.
Иш-чара үч өлкө чектешкен жерде - "Достук" стелласынын жанында өттү.
Жолугушууда тараптар кызматташуу, чек ара өкүлчүлүктөрүнүн ич ара түз байланыш механизмдери жана чек ара аймагында ар канадй окуялардын алдын алууга багытталган аракеттерди координациялоо боюнча маселелерди талкуулашты.