Суусамырда кар көчкү алдында калган чабандын сөөгү табылды
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары Суусамырда кар көчкү алдынан 59 жаштагы Д. А. аттуу адамдын сөөгүн табышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, уланып жаткан издөө иштеринин натыйжасында маркумдун сөөгү бүгүн, 18-февралда табылып, кар алдынан чыгарылды.
Издөө иштерине 70тей адам катышты.
12-февраль күнү Чүй облусунун Суусамыр айыл аймагындагы Бороондуу жайлоосунда 59 жаштагы чабанды 50 баш кою жана аты менен чогуу кар көчкү басып калганы кабарланган.