Депутат Мамытов президенттик шайлоо тууралуу талашка парламент да аралашканын айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов президенттик шайлоону быйыл өткөрүү тууралуу 75 адамдын кайрылуусу парламентке киргизилгенин, мындай талаш жараткан укуктук маселе Конституциялык сотто каралышы керектигин билдирди. Бул тууралуу 18-февралда мандат алып, ант берген Талант Мамытов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты.
“Мындай каттар эмнеге парламентке алынып келип, парламентте кароого тийиш болгон, эмне үчүн Конституциялык сотко кайрылган эмес? Анткени конституциялык беренелерди Конституциялык сот гана чечмелеп бериши керек.