Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси алмашты
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев кызматынан алынып, ордуна Айбек Мамыралиев дайындалды.
Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, жаңы төраганы агенттиктин эмгек жамаатына 17-февраль күнү министрдин орун басары Беназир Нурланова тааныштырды.
Өз сөзүндө ал мекеме ишмердүүлүгүнүн башкы багыттарын - атаандаштыкты өнүктүрүү, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, монополияга каршы мыйзамдардын сакталышын белгиледи. Өзгөчө социалдык...