Оштун мэри мыйзамсыз курулуштарды бузуу токтотулганын айтты
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев калаада жасалып жаткан иштер, кызматтан кетери тууралуу социалдык тармактарда тараган маалыматтарга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
Ал “эч ким кызматтан кет” деп айтпаганын, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тескерисинче 2026-жылы буга чейин башталган иштерди аягына чыгаруу тапшырмасын бергенин жана Ошто мыйзамсыз делген курулуштарды бузуу токтулганын кошумчалады.
“Бизде “снос” токтоду. Буга чейин буздурулган объекттердин баарын бүтүрөбүз.