Вебкам иши: Даниел Ажиев президенттин ырайымы менен абактан чыкты
Вебкам иши боюнча тогуз жылга абакка кесилген Даниел Ажиев президент Садыр Жапаровдун ырайымы менен абактан чыкты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 2024-жылдын 31-июлунда Даниел Ажиевди Кылмыш-жаза кодексинин 160 (“Сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу жана аларга көмөктөшүү”), 161 (“Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу”), 261 (“Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”) жана 215-беренелери (“Алдоо...