Жакыпбековдун жакын адамы экени айтылган Дүйшөмбиев эки айга камалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун жакын адамы деп айтылып жаткан Сыдык Дүйшөмбиев 15-апрелге чейин камакка алынды.
Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-февралда чыгарганын “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Аскер прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы берген. Сыдык Дүйшөмбиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлганы белгилүү болду.