Алматы соту "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысына сурамжылоо үчүн айып пул салды
Алматынын административдик соту "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Макпал Муканкызын "Шайлоого байланыштуу коомдук пикирди сурамжылоонун шарттарын бузуу" беренеси менен күнөөлүү деп таап, айып пул салды.
Сот чечимине ылайык, кабарчы 15 айлык эсептик көрсөткүч - болжолдуу 130 доллар айып пул төлөөгө милдеттендирилди, журналисттин үй-бүлөлүк абалын эске алып, жаза айып 30% кыскартылды.
Соттук териштирүүгө кабарчы соцтармактагы жеке баракчасына "Референдумга барасызбы?" деген суроо жарыялаганы негиз болгон.