Депутат Көкүлов айрым вице-спикерлердин кызмат ордун карап чыгуу керектигин айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов парламенттин спикеринин орун басарларынын, айрым комитет төрагалары менен депутаттык топтордун жетекчилеринин кызмат ордун карап чыгуу демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 18-февралдагы отурумунда сүйлөгөн сөзүндө айтты.
“Айрымдары бир да күн мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Кыргызстанга пайдасы тийген адам деп айта албайсың. Бирок чоң кызматта отурат. Жазылбаган мыйзамдар болгону үчүн ушундай болгон. Кээ бир комитеттердин төрагаларын, айрым вице-спикерлердин ордун карап чыгып...