Камактагы каракалпак активисти Тажимуратовго жаңы айып тагылды
2022-жылы Каракалпакстандагы нааразылык окуялары боюнча 16 жылга соттолгон активист Даулетмурат Тажимуратовго кошумча айып тагылышы мүмкүн.
Ага «мекеменин ишин бузду» деген айып коюлган. Туугандары менен жактоочулардын айтымында, бул окуяны абак кызматкерлери атайын уюштурушу ыктымал.
Активисттин агасы Ренат Тажимуратов жакында абакка барып, инисин көрө албай кайтып келген. Анын айтымында, тергөөчү Даулетмуратка жаңы айып тагылганын билдирген.
«Даулетмурат адвокаты менен жолуккан. Жакында ал түрмө кызматкерлеринин бирин уруп жиберген экен.