Депутат Элдар Сулайманов мандатын тапшырууга арыз жазды
Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов мандатын тапшыруу арызын жазды. Бул тууралуу БШК билдирди.
Арыз 17-февралда саат 14:00до каралат.
Депутаттын мандаттан баш тартуусуна эмне себеп болгону азырынча белгисиз.
Мындан бир ай мурда депутаттын мурдагы жубайымын деген Асел Азаматова аттуу жаран күйөөсүнөн зордук-зомбулук көргөнүн социалдык тармакка жазып чыккан. Окуя резонанс жаратып, ИИМ келинге коргоо ордерин берген.
Элдар Сулайманов 40 жашта. Ал 2025-жылдын ноябрь айында өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо №5 округдан шайланып келген.