БШК депутат Элдар Сулаймановду мандатынан ажыратты
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 17-февралдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановду өзү жазган арызынын негизинде мандатынан ажыратты. Арыз жазууга эмне себеп болгону белгисиз.
Мындан бир ай мурда экс-депутаттын мурдагы жубайымын деген Асел Азаматова аттуу жаран күйөөсүнөн зордук-зомбулук көргөнүн социалдык тармакка жазып чыккан. Окуя резонанс жаратып, Ички иштер министрлиги (ИИМ) келинге коргоо ордерин берген. Экс-депутат коюлган дооматтарды четке каккан.
Элдар Сулайманов 40 жашта.