Жакыр үй-бүлөлөрдөн "Социалдык келишим" түзүүгө арыз кабыл алуу башталды
Кыргыз өкмөтү жакыр үй-бүлөлөргө багытталган “Социалдык келишим” долбоору боюнча бериле турган жардамды алууга арыз кабыл алуу жана кароо иштерин баштады. Арыздар айыл өкмөттөрүндө жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө кабыл алынууда.
Социалдык келишим түзүү чечимин жергиликтүү бийликтин алдында түзүлгөн убактылуу комиссия кабыл алат, ал эми шаарларда мэриянын алдындагы социалдык маселелер комиссиясы чечет. Комиссиянын курамына жергиликтүү бийликтин...