HRW Казакстандын Конституциясынын жаңы долбоору боюнча кооптонуусун билдирди
Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Казакстандын Конституциялык комиссиясы сунуштаган өзгөртүүлөр бийлик бутактарынын ортосундагы теңсалмактуулукка жана адамдын негизги укуктарына коркунуч жаратышы мүмкүн экенин эскертти.
Казак бийлиги бул реформаны "мыйзамдуулукту жана тартипти" бекемдөөгө жана саясий системаны модернизациялоого багытталган кадам деп мүнөздөсө, HRW айрым жоболор бүдөмүк жазылганын белгилейт.
Айрыкча коомдук тартиптин жана адеп-ахлактын кызыкчылыгы үчүн укуктарды...