Навальныйды эскерүү акциясында апасы бийликтен адилеттүүлүктү талап кылды
Орусиядагы оппозиция лидери, маркум Алексей Навальныйдын апасы уулу ууландырылып өлтүрүлгөнүн европалык лабораториялардын жыйынтыгы ырастаганын билдирди.
Ал Түштүк Америкадагы уулуу бакалардан алынган токсин колдонулганын айтып, "биз башынан эле билгенбиз... ал өлтүрүлгөн" деди. Навальный 2024-жылдын 16-февралында абакта каза болгон.
Людмила Навальная бул сөздөрдү Москванын Борисовск көрүстөнүндө өткөн эскерүү иш-чарасында айтты. Анда ондогон адамдар Навальныйдын өлүмүнүн эки жылдыгына чогулушту.