Медер Машиев жаратылыш ресурстары министри кызматынан бошотулду
Медер Машиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулду.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун анын маалымат кызматы кабарлады. Жарлыкта Машиевдин кызматтан алынышынын себеби көрсөтүлгөн эмес.
54 жаштагы Медер Машиев 2024-жылдын сентябрь айынан бери министрликти жетектеп келген. Ал ага чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басарлыгын аркалаган.